Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча маалымат ( 2018-жылдын 8 айы)

12 Октября 2018

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасында учурда 10 филиал, 2 чарбалык эсептеги ишкана жана түштүк бөлүмү иш алып барат. Ишканада 5 миң адам эмгектенет.

Жүктөрдү ташууну камсыз кылуу

2018-жылдын 8 айында Кыргыз темир жолу 4 479,2 миң тонна жүк ташыды. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 104, 3% ды түзөт. Ал эми жүк айлантуунун көлөмү 574, 1 млн. тонна км. түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 101,7 % га өскөн.

Жүргүнчүлөрдү ташуу
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын ишмердигинин негизги багыттарынын бири бул жүргүнчүлөрдү ташуу.  2018-жылдын 8 айында Кыргыз темир жолу аркылуу 220, 239 жүргүнчү ташылып жеткирилди. Анын ичинде мамлекеттер аралык каттамдарда 27, 262 миң адам ташылды.

Республикабыздын ички каттамдардында бүгүнкү күндө төмөнкү багыттар боюнча боюнча поезд каттамдары бар:
- Бишкек-Рыбачье жай мезгилинде
- Бишкек-Токмок күн сайын
- Бишкек-Мерке күн сайын
- Бишкек-Кара-Балта күн сайын 2 жолу
 

Бардык жаңылыктар