Темир жолчулар мамлекеттик тил күнүн белгилешти

21 Сентября 2018

2018-жылдын 21-сентябрында «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган «Кылым карыткан - Кыргыз тили» аттуу кароо-сынак уюштурулду. Аталган маданий иш-чарада ишкананын 10 филиалынын өнөрпоздору ат салышты.

Сынактын шартына ылайык командалар  көркөм окуу, обондуу ырлар жана улуттук бий боюнча кыргыздын каада-салттарын көрсөтүп беришти.

Иш-чарага катышкан ишкана жетекчилиги мындай сынактар буга чейин  да өткөрүлүп келгендигин белгиледи.
Жыйынтыгында калыстар тобу берилген тапшырмаларды мыкты аткарган командаларды аныктап,  атайын дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Эске салсак, 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРнин Жогорку Совети атайын мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын ыйгаруу менен эгемендүү мамлекетти курууга карай орчундуу кадам жасаган. Мыйзам кабыл алынгандан бери мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган бир канча жарлыктар, токтомдор жана программалар иштелип чыкты. Алардын ар бири кыргыз тилинин коомдогу ордунун бекемделишине өз таасирин тийгизди.
 

Бардык жаңылыктар