Кыргызстандын темир жолчулары кесиптик майрамын майрамдап жатышат.

3 Августа 2018

3-вгуст күнү Пишпек кичи районундагы темир жолчулардын клубунда салтанаттуу жыйын болуп өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев катышып, темир жолчуларды куттуктады. Ошондой эле министрликтин Ардак грамоталарын тапшырды.

Ал эми темир жол тармагындагы эң башкы сыйлык болгон “Ардактуу темир жолчу” наамына жүктөрдү ташуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Турсалиев жана эл аралык кызматташтык секторунун башкы адиси Елена Рахимова татыктуу болду.

Мындан тышкары “Кыргыз темир жолунун эмгек сиңирген ардагери” жана “Ардак грамотасы” менен бир катар темир жолчулар сыйланышты.
               
Ал эми 5-август жекшемби күнү Пишпек эс алуу багында өтүүчү салтанаттуу жыйынга атайын коноктор жана темир жолчулар чакырылган. “Локомотив” спорт комплексинде футбол боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышат.

Эске салсак, 1924-жылдын 8-августунда  “Аулие-Ата-Пишпек” темир жолу аркылуу “Пишпек” станциясына эң биринчи поезд келет. Ал кезде Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын өкмөтү жаңыдан түзүлүп жаткан. Чоң салтанат менен биринчи поездди тосуп алышкан. Ошол күндөн тартып, “Кант-Рыбачье”, “Фрунзе-Рыбачье”, “Кант-Токмок” темир жолдорунун курулуш иштери колго алынып, курула баштаган.
 

Бардык жаңылыктар