Башкы дарыгер Мирлан Султаналиев: “Темир жол ооруканасы жаңы, заманбап флюроаппаратка ээ болду”

12 Июля 2018

Кыргызстандагы эң мыкты ооркуналардын бири болгон Темир жол ооруканасы оорулууларды жаңы рентген апараты менен тейлей баштады.

Буга чейин кодонулуп келген жабдууга 30 жыл болуп, эскилиги жетип калган эле. Анын иштөө мөөнөтү болгону 15 жыл болчу. Азыркы флюроаппарат биринчи кезекте өпкө, баш, мурун сыяктуу эң керектүү органдарды тез жана сапаттуу рентгенден өткөрүп берет. Флюроаппарат санариптик аппарат болгондуктан оорулуу рентгендин жыйынтыгын ар кандай форматта чыгарып алса болот. Мындан тышкары анын сапаты да өтө жогору. “Jumond- «E» үлгүсүндөгү флюроаппарат Түштүк Корея өндүрүшүнөн чыккан. Баасы 5 млн. 500 миң сом. Оорукана бул каражатты милдеттүү медициналык камсыздандыруу кызматынан түшкөн акча каражатынын эсебинен чогулткан. Аны сатып алуу иштери сатып алуулар боюнча мыйзамдын негизинде тендер аркылуу жүргүзүлгөн. Эми биринчи кезекте темир жолчулардын жана ошондой эле шаардын тургундарынын көкүрөк органдарынын ооруларын аныктоо иштери жаңыча жүргүзүлүп, жогорку сапатка ээ болду. Ал эми көкүрөк оорулары боюнча каттоодо тургандарга ыкчам жардам көргөзүүгө шарт түзүлдү.

Эске салсак,  Кыргызстандын Темир жол ооруканасы 1918-жылы СНКнын чечими менен өзүнчө медициналык мекеме катарында түзүлгөн. Анын башкы максаты: темир жол кызматкерлери үчүн медициналык көзөмөлдү камсыз кылуу, профилактика, жана поезддердин коопсуздугун камсыздоо болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө темир жол ооруканасында 302 кызматкер иштейт. Анын ичинде 77 дарыгер, 126 мээрмандар, 61 кичи медициналык кызматкерлер бар. Учурда оорукананын администрациясы республиканын саламаттыкты сактоо мекемелери, жана “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын башкармалыгы менен тыгыз байланышта иш жүгүзүп келет.

Бардык жаңылыктар