Темир жолу – бул өтө кооптуу аймак

22 Июня 2018

Соңку мезгилде Кыргызстандын темир жолунда катталган кырсыктардын саны кескин өсүп кетти.

2018-жылдын 5 айында темир жолдо адам фактору менен байланышкан 60 кырсык катталган. Анын ичинен 5 окуядан адамдар оор жаракаттарды алышып, 7 адам көз жумду. 6 факты автоунааларга байланыштуу болсо, 12 кырсык мал жандыктардын темир жолго чыгып алуусунан улам келип чыккан.

Темир жолдогу кырсыктар адам фактору менен тыгыз байланышкан. Алар атайын өтүүчү көпүрөлөрдөн өтпөстөн темир жолу аркылуу өтүшөт. Мындан тышкары автомашиналардын көбөйүшү да кырсыктардын башкы себептеринен. Негизинен автоунаалардын айдоочулары жол эрежелерин так сакташпайт. Темир жол өткөрмөлөрүндө коюлган жол белгилерине маани беришпейт. 2018-жылдын 5 айында автоунаалар менен байланышкан 6 кырсык катталса, анын баары темир жол өткөрмөлөрүндө болгон. Анын кесепетисинен 3 адам жаракат алып, 1 адамдын өмүрү кыйылган.

Темир жолдогу кырсыктардын алдын-алуу, профилактикалык иштерди күчөтүү максатында “Кыргыз темир жолу” ишканасы КРнын Башкы прокуратурасынын алдындагы Транспорттук прокуратурасы, КРнын ИИМне караштуу Транспорттук милициясы менен биргеликте такай иш-чараларды жүргүзүлүп келет. Ошентсе да негизги эскертип кетүүчү нерсе: поезд автоунааларга окшоп дароо токтоп калбайт. Аны токтотуу 500 метрден 800 метрге чейин созулат. Темир жолу бул өтө кооптуу аймак. Ошондуктан темир жолдо ар бир жаран сак болуусу зарыл.

Бардык жаңылыктар