“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы Улуу жеңиштин 73 жылдыгына карата митинг-реквием өткөрдү.

8 Мая 2018

Иш-чара 8-майда Пишпек кичи шаарчасындагы жеңиш аянтчасында өттү.

Бул күнү алгач андагы эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, андан соң согуш ырлары жаңырды. Ардагерлердин дарегине жетекчилик тарабынан куттуктоолор айтылып, салтанаттын соңунда ардагерлер үчүн сый-тамактар берилди.

Учурда “Кыргыз темир жолунда” 4 согуш ардагерлери жана 23 оруктун ардагерлери катталган. Улуу жеңиштин урматына карата алар үчүн “Кыргыз темир жолу” тарабынан акчалай сыйлыктар белгиленген.

Бул күнү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 3 миң сомдон, ал эми оруктун ардагерлери 2,5 миң сомдон акчалай сыйлыктарды алышты.

Бардык жаңылыктар