Март айынан тартып, «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезд каттамы ачылды.

2 Мая 2018

Мындан ары №455/456 «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезди Өзбек темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттайт.

Анын расписаниеси төмөндөгүчө: Аталган поезд курамы ар бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Рыбачьеден кайра Ташкент шаарына жөнөп кетет.

Алгачкы курам 2018-жылдын 22-мартында бейшемби күнү Ташкент шаарынан чыгып, 23-мартта жума күнү Рыбачьеге келди. Ал эми 24-март ишемби күнү Рыбачьеден кайра жөнөп, 25-март жекшемби күнү Ташкент шаарына жөнөп кетти.

Курамында 7 купе вагону, 3 плацкарт вагону жана вагон рестораны бар.

Учурда жүргүнчүлөрдү ташуучу «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезд каттамына билеттер сатыла баштады. Билет баалары: Бишкек шаарынан Ташкент шаарына чейин плацкарт вагонуна 2500 сомдон, купе вагонуна 3378 сомдон жана люкс вагонуна 6432 сомдон.

Эске салсак, алгачкы каттамды Кыргызстан тарап борборубуздагы “Бишкек II” темир жол бекетинде расмий салтанат менен тосуп алды. Анда “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору сөз сүйлөп, конокторду алгачкы каттам менен куттуктады. Маданий программа тартууланып Өзбек делегациясына сый-урмат көргөзүлдү. Алгачкы каттам менен Өзбекстан республикасынан 77 адам расмий делегация менен келди. Алар Балыкчы шаарында болушуп, Кыргызстандын бермети болгон Ыссык-Көл менен таанышып кайтышты. 

Бардык жаңылыктар