«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Аппаратынын кызматкерлери жана бардык филиалдарынын башчылары ишембиликке чыгышты.

6 Апреля 2018

“Таза жашоо” улуттук компаниясынын алкагында 2018-жылдын 6-апрелинде «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы ишембилик уюштурду.

Бул күнү темир жолчулар 300 даана жаш көчөттөрдү отургузушат жана келечекте бул жер кооз “Темир жолчулар аллеясына” айланат. Бул үчүн атайын жер тилкеси бөлүнүп берилди. Ошондой эле аллеяны такай көзөмөлдөп туруучу бригада түзүлдү.

Мындай жашылдандыруу ишембиликтери «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында үч ай бою өткөрүлүп турат.

“Ишканада жыл сайын ишембилик уюштурулат. Мындан тышкары учурда бардык филиалдар жазгы-күзгү кароодон өтүп жатышат. Ошентип, темир жолун жана анын аймагын ирээтке келтирип алабыз” – дейт «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Алмазбек Ногойбаев.
 

Бардык жаңылыктар