Жүргүнчүлөрдү ташуучу «Бишкек-Кара-Балта» поезди бир айга убактылуу токтотулат.

14 Марта 2018

Кара-Балта-Бишкек-I темир жолундагы ремонт иштерине байланыштуу 2018-жылдын 15-мартынан тартып, 2018-жылдын 15-апрелине чейин жүргүнчүлөрдү ташуучу №6059/6060 жана №6061/6062 «Бишкек-Кара-Балта» поезди убактылуу токтотулат.

Мындай чечим КРнын Транспорт жана жол министрлигинин уруксаатын эске алуу менен кабыл алынды.

Ал эми 2018-жылдын 16-апрелинен тартып, аталган поезд каттамы белгиленген график боюнча каттай баштайт.

Бардык жаңылыктар