“Зиксто” Ачык акционердик коому ортомчу компания эмес, ал жүк ташуучу вагондорду өндүрүүчү жана ремонттоочу ири завод.

5 Марта 2018

Учурда Жалал-Абад темир жол бекетине 60 ачык вагондор келип түшкөн жана алар ишкерлер үчүн кызмат кылып жатат.

Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасында дагы 30 ачык вагон келе жатат. Алар 6-мартта Карасуу темир жол бекетине алынып келинет. Ал эми калган вагондордун баардыгы 2018-жылдын 1-апрелине чейин Кыргызстанга келет. Вагондорду камсыз кылуу мөөнөттөрү боюнча: Казахстанда болгон катуу сууктарга байланыштуу техникалык процесс жана сырдоо иштери бир аз созулуп кеткен. Бул туурасында “Зиксто” АКму өзүнүн расмий катында билдирген.

Эске салсак, 2017-жылдын 14-мартында  «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы 12-132 моделиндеги 150 даана ачык вагондорун сатып алуу боюнча конкурс жарыялаган. Анын жыйынтыгы менен Казахстандын «ЗИКСТО» АКу жеңүүчү деп табылган. Аталган Акционердик коомдун негизги ишмердүүлүгү жүк ташуучу вагондорду өндүрүү жана ремонттоо болуп эсептелет.

“Зиксто” АКнун ишмердүүлүгу туурасындагы видеосюжет менен ушул сайттан тааныша аласыздар.
 

Бардык жаңылыктар