Жүргүнчүлөрдү ташуучу «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезд каттамына билеттер сатыла баштады

27 Февраля 2018

Билет баалары: Бишкек шаарынан Ташкент шаарына чейин плацкарт вагонуна 2500 сомдон, купе вагонуна 3378 сомдон жана люкс вагонуна 6432 сомдон.

Эске салсак март айынан тартып, «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезд каттамы ачылат.

№455/456 «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезди Өзбек темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттайт.

Анын расписаниеси төмөндөгүчө:
Алгачкы курам 2018-жылдын 22-мартында бейшемби күнү Ташкент шаарынан чыгат жана 23-мартта жума күнү Рыбачьеге келет. Ал эми 24-март ишемби күнү Рыбачьеден кайра жөнөп, 25-март жекшемби күнү Ташкент шаарына келет.

Аталган поезд курамы ар бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Рыбачьеден кайра Ташкент шаарына жөнөп кетет.

Курамында 7 купе вагону, 3 плацкарт вагону жана вагон рестораны бар.

Бардык жаңылыктар