“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 2017-жылы 7 миллион тоннадан ашык жүк ташыды.

14 Февраля 2018

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын негизги милдеттеринин бири жүктөрдү ташуу.

2017-жылдын жыйынтыгына ылайык, темир жолчулар өткөн жылы жүк ташуунун көлөмүн 118, 7% га чейин жогорулатууга жетише алышкан. Башкача айтканда, 2017-жылы 7 млн. 157 миң тонна жүк ташылган. Бул деген канчалаган курулуш материалдары, күйүүчү майлар жана өнөр жай жабдуулары өз убагында белгиленген жерге чейин жеткирилди дегенди билдирет. Натыйжада жүктөрдү айлантуунун жалпы көлөмү 935 млн. тонна чакырымдан ашкан. Мында албетте, ишканадагы жүктөрдү ташуу Башкармалыгынын салымы чоң.

Ал эми жүргүнчүлөрдү ташуу багытында көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй:
2017-жылда жалпысынан 313 миң 900 жүргүнчү ташылып жеткирилген болсо, анын ичинен эл аралык каттамдарда 28 миң, жергиликтүү каттамдарда 285 миң 900 адам ташылган.

Мындан тышкары 2017-жылы “Кыргыз темир жолу” ишканасы жол чарбасындагы техникаларды модернизациялоо, жана жаңылоону ишке ашырды. Тактап айтканда 15 жаңы техника, анын ичинде 10 трактор, 3 жүк жүктөөчү техника жана 2 эксковатор сатылып алынды.

Түштүк бөлүмү үчүн 150 ачык вагондор сатылып алынып, анын 60 вагону “Жалал-Абад” бекетине алынып келинди.

Ошондой эле темир жолдун үстүңкү катмарын текшерүүчу жаңы жабдуу “Мобилдик диагностикалык лаборатория-ЛДМ-I” сатылып алынды.

 

Бардык жаңылыктар