Өзбекстандын темир жолу жүктөрдүн бардык түрүн ташууга жеңилдик берди

5 Февраля 2018

2018-жылдын 1-январынан тартып, 2018-жылдын 31-декабрына чейин Өзбек Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнө чейин транзит менен бардык жүктөрдү ташууга 30% жеңилдик берилди.

Бардык жүктөрдү ташууга жеңилдиктин көлөмү 20% ды түзөт.

Ал эми аталган багыт боюнча ташылуучу жүктүн көлөмү 300 миң тоннаны түзсө, андан кийинки көлөмдөгү жүктөр 30 % жеңилдик менен ташылат.

Эске салсак, Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Републикасынын Президенттеринин 2017-жылдын 13-14-декабрында Ташкент шаарында өткөн жогорку деңгээлдеги жолугушуусундагы эки тараптуу макулдашууларын жүзөгө ашыруу максатында Өзбек Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнө чейин транзит менен бардык жүктөрдү ташууга 30% жеңилдик берүү үчүн “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы «Узбекистон темир йуллари» Акционердик коомуна кайрылган.
 

Бардык жаңылыктар