Темир жолдогу шпалдарды төшөө жана ремонт иштери

24 Января 2018

2017-жылы жолдун үстүңкү катмарын күчөтүү багытында алгылыктуу иштер жүрдү.

2017-жылдын 12 айында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жол чарбасы филиалы тарабынан темир жолго 85 866 шпал төшөлдү. Анын ичинен 45 801 шпал жаңы темир бетон шпалдары жана алар Германиянын “Фоссло” бурагычтары менен бекитилди. Ошондой эле 30 580 жыгач шпалдары жайгаштырылды. 

Жыйынтыгында 28 чакырым темир жолго Германиянын "Фосcло" бурагычтары менен темир бетон шпалдары төшөлүп чыкты.

Эске салсак, жыл сайын май айынан тартып, Кыргызстандын темир жолдорунда ремонт иштери башталат. Аны «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын «Жол чарбасы боюнча филиалы» жүргүзөт. Ремонт иштеринин жүрүшүндө эскирген жыгач шпалдары толугу менен жаңы темир бетон шпалдарына алмаштырылат. Ал эми бурагычтары Германиянын “Фосcло” компаниясынын жабдуулары. Ремонт иштери суук түшкөнчө улана берет.

Маселен, 2016-жылы 47 098 шпал төшөлүп, 16 чакырым темир жолу ремонттолгон.

Бардык жаңылыктар