“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы: “Бишкек жылуулук борборуна таш көмүр өз убагында ташылууда”

11 Января 2018

Рыбачьеден Бишкекке көмүр ташып келүү иштери өз убагында жүргүзүлүүдө.

2018-жылдын 1-январынан тартып бүгүнкү күнгө чейин “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы ишкерлерди тийиштүү сандагы ачык вагондор менен камсыз кылууда.

Акыркы 3 күндүн ичинде ишкерлерге берилген ачык вагондордун саны төмөндөгүчө:

9-январьда: “Рыбачье” темир жол бекетинен 63 ачык вагонго таш көмүр жүктөлгөн. 8 ачык вагон жүктөөгө коюлган. 128 ачык вагон бош турду.

10-январьда: “Рыбачье” темир жол бекетинен 20 ачык вагонго таш көмүр жүктөлгөн. 33 ачык вагон жүктөөгө коюлган. 83 ачык вагон бош турду.

11-январьда: “Рыбачье” темир жол бекетинен 32 ачык вагонго таш көмүр жүктөлгөн. 25 ачык вагон жүктөөгө коюлган. 81 ачык вагон бош турду.

Эскерте кетсек: жүктөлгөн таш көмүр Бишкектеги “Аламедин” темир жол бекетине алынып келинип, Бишкек жылуулук борборуна ташылат.

Бардык жаңылыктар