“Локомотив” спорт комплекси кайрымдуулук иш-чара өткөрдү

9 Января 2018

“Кыргыз темир жолу” ишканасы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн балдары жана майып балдар үчүн такай колдоо көргөзүп келет.

Ишканага Бишкек шаарындагы “SOS Балдар айылы” Эл Аралык кайрымдуулук фондусунун филиалынан атайын кат келип түшкөн. Анда ошондой колдоого муктаж балдарга муз тебүүгө уруксаат берүү боюнча өтүнүч жазылган. Темир жолдун жетекчилиги катты карап чыгып, атайын токтом менен акысыз муз тебүүгө уруксаат берди.

Эми минтип Ак-Жар, Мурас-Ордо жаңы конушунан 40 бала акысыз муз тээп көңүл ачууга мүмкүнчүлүк алышты.

Эске салсак, “SOS-Кыргызстандагы Балдар айылдары” коомдук фондусу 2017-жылдын 1-январынан тартып, 2020-жылдын 31-декабрына чейин “Үй-бүлөөлөрдү бекемдөө: Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көргөзүү” долбоорун жүзөгө ашырып жатат. Долбоор  Германиянын экономикалык кызматташтык жана социалдык өнүгүү федералдык министрлиги тарабынан каржыланат.

“Локомотив” муз аянтында кышкы каникул учурунда жалпсынан 500 гө жакын балдар акысыз муз тебишти. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы мындай кайрымдуулук иш-чараларын мындан ары да өткөрүп турат.

Бардык жаңылыктар