“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы жана “Узбекистон темир йуллари” Акционердик коомунун ортосунда эки тараптуу кызматташтык Протоколуна кол коюлду.

29 Декабря 2017

Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Републикасынын Президенттеринин 2017-жылдын 13-14-декабрында Ташкент шаарында өткөн жогорку деңгеелдеги жолугушуусундагы эки тараптуу макулдашууларын жүзөгө ашыруу максатында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы жана «Узбекистон темир йуллари» Акционердик коому төмөндөгү чечимдерди кабыл алышты:

- Кошумча жүктөрдү ташууну көбөйтүү максатында 2018-жылдын январь айынан тартып, Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнөн Өзбек Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен бардык жүктөрдү ташууга 30% жеңилдик берүү үчүн Кыргыз тарап Өзбек темир жолуна кайрылган. Бул багытта Өзбек тарап жакынкы күндөрдө өзүнүн чечимин билдирет.

- Өзбек тарап, «Узбекистон темир йуллари» Акционердик коомунун өндүрүштүк базасында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын тепловоздорун жана жүк ташуучу вагондорун ремонттого жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык запастык бөлүктөр менен камсыз кылууга даяр.

- Өзбек тарап, Кыргыз Республикасынын түштүк бөлүмүнүн темир жол бекеттерине чейин тийиштүү көлөмдөгү вагон менен камсыз кылууга көмөк көргөзөт.

- Келечекте “Ташкент-Андижан” поезд каттамынын негизинде “Анджижан-Жалал-Абад” поезд каттамын ачуу, ошондой эле “Ташкент-Балыкчы” кошумча поезд каттамын ачуу жана жай мезгилиндеги жүргүнчүлөрдүн көбөйүшү менен кыш мезгилинде Ташкенттен “Бишкек” темир жол бекетине чейинки поезд каттамын калтыруу маселесин карап чыгуу.

Кызматташуу Протоколуна 2017-жылдын 27-декабрында Ташкент шаарында кол коюлду.

Эске салсак, 25-27-декабрда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча Ташкентте үч тараптуу сүйлөшүү болгон. Анда үч өлкөнүн транспорт министрлери курулушту баштоонун мөөнөттөрүн аныкташкан. Сүйлөшүүлөргө ылайык, долбоордун так мөөнөттөрү 2018-жылдын апрелинде белгилүү болот.

Бардык жаңылыктар