“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Ногойбаев Алмазбек Бердибековичтин жаңы жылдык куттуктоосу

29 Декабря 2017

Кадырлуу Кыргыз калкым! Урматтуу темир жолчулар!

Жергебизге жаңы 2018-жыл кадамын таштап кирип келди. Сапарын карыткан 2017-жыл тарыхый окуяларга бай болуп, Кыргыз мамлекетинде бир катар дүйнөлүк иш-чаралар өткөрүлүп, жаңы мамлекет башчысы шайланды. Өлкө буга чейинки ийгиликтерин бекемдеп, мындан аркы өнүгүүгө карай багыт алды. 

Ал эми “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы узап бараткан жылда бир катар ийгиликтерге жетишти. Вагондорду ремонттоо, темир жолду модернизациялоо иштери колго алынып, март айынан тартып, бирдиктүү тариф ишке кирди. Айрыкча, республикабыздын түштүгүнө жүктөрдү ташуунун тарифтери жана кошумча төлөмдөрү бир кыйла арзандады.

Жүргүнчүлөрдү ташуучу “Бишкек-Казань” жаңы каттамы ачылып, ишкана жаңы ачык вагондорду жана техникаларды сатып алды.

Кылымга тете тарыхты басып өткөн темир жолчулар учурда алдыга чоң максаттарды коюп, мамлекетибиздин мындан аркы өсүп-өнүгүшү үчүн талбай эмгектенип жатышат.

Ылайым жаңы жылда да ийгиликтерибиз арбын болсун. Жаңырган 2018-жыл элибизге бакыт-таалай, ырыскы-берекени алып келсин. Элибиздин жашоосу жакшырган, өсүп-өнүгүүнүн жылы болсун.

Сиздерди “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден жаңы жылыңыздар менен куттуктаймын!

Жаңы жылда асыл ой-максаттарыңыздардын ишке ашуусуна тилектештигимди билдирем! Жаңы жылыңыздар менен!

урматтоо менен,


Алмазбек Ногойбаев
“Кыргыз темир жолу Улуттук компания”
мамлекеттик ишканасынын
Башкы директору
_________________________________________________________
 

Бардык жаңылыктар