Кыргызстандын темир жолунда поезд каттамы жабылган жок

16 Ноября 2017

Кыргыз темир жолунда поезддер белгиленген график боюнча жүрүп жатат.

Поезд каттамдары эч кандай үзгүлтүккө учурган жок. Ошондой эле темир жолго күйүүчү май төгүлгөн фактылар катталган эмес.

Эске салсак, 16-ноябрьда таңга жуук Сокулук станциясынын кире беришинде 2 цистерна күйүүчү майы менен темир жолдон чыгып кеткен. Жеринде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ревизорлор башкармалыгы тийиштүү иштерди жүргүзүүдө. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Бардык жаңылыктар