«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:

20 Октября 2017

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2017-жылдын 21-октябрында Бишкек-Чалдовар автомобиль жолунун 69-чакырымында ремонт иштери жүргүзүлөт.

 Ушуга байланыштуу Чүй областынын Панфилов районундагы Вознесеновка айылында кайтарууга алынган 3713-темир жол өткөрмөсү Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматы тарабынан жабылат.

Ал эми автомашиналар саат 8-00 дөн 13-00 гө чейин алдын-ала даярдалган айланып өтүүчү автомобиль жолу аркылуу өткөрүлүп турат.

Ремонт ишери КРнын Ички иштер министрлигинин Башкы жол кайгуул кызматы жана КРнын Транспорт жана жол министрлиги менен макулдашылган.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.
 

Бардык жаңылыктар