Кыргызстанга Германиянын туристтери менен туристтик поезд келди

6 Октября 2017

Бүгүн борборубуздагы “Бишкек II” темир жол бекетине Алматы шаарынан атайын туристтик поезд келди.

 Анын негизги багыты: “Алматы-Бишкек-Ташкент-Ашхабад-Ташкент-Алматы” шаарларын көздөйт. Ошондой эле Самарканд, Бухара, Ургенч жана Мары тарыхый шаарларын басып өтөт.

  “Orient Silk Road Express” деп аталган туристтик поездин немец туристтик фирмасы уюштурган. Негизги максаты: чыгыш багыты боюнча Улуу жибек жолундагы тарыхый шаарлар менен чет өлкөлүк туристтерди тааныштыруу.

  Аталган туристтик поезд менен Бишкек шаарына 92 чет өлкөлүк туристтер келишти. Жаш курагы негизинен 50 жаштан жогору. Алар үчүн вип-вагондор тандалып алынып, бардык ынгайлуу шарттары түзүлүп берилген. Чет элдик коноктор Бишкек шаарын көрүп, “Ала-Арча” жаратылыш багында болушат. Ошондой эле кыргыздын жашоосу менен жакындан таанышып, Бишкек шаарынан Ташкентти көздөй жөнөп кетишет.
 

      

      

Бардык жаңылыктар