Кыргызстандын темир жолчулары кесиптик майрамын майрамдап жатышат.

6 Августа 2017

Темир жолчулардын кесиптик майрамына карата салтанаттуу жыйын болду.

2017-жылдын 4 август күнү Пишпек кичи районундагы темир жолчулардын клубунда салтанаттуу жыйын болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басары Гулмира Абдралиева катышып, темир жолчуларды куттуктады. Ошондой эле министрликтин Ардак грамоталарын тапшырды.

Бир катар темир жолчулар темир жол тармагындагы эң башкы сыйлык болгон “Ардактуу темир жолчу” наамына татыктуу болушту.
Мындан тышкары “Кыргыз темир жолунун эмгек сиңирген ардагери” жана “Ардак грамотасы” менен сыйланышты.

Ал эми 6-август жекшемби күнү Пишпек эс алуу багында өтүүчү салтанаттуу жыйынга атайын коноктор жана темир жолчулар чакырылган. “Локомотив” спорт комплексинде футбол боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Эске салсак, 1924-жылдын 8-августунда  “Аулие-Ата-Пишпек” темир жолу аркылуу “Пишпек” станциясына эң биринчи поезд келет. Ал кезде Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын өкмөтү жаңыдан түзүлүп жаткан. Чоң салтанат менен биринчи поездди тосуп алышкан. Ошол күндөн тартып, “Кант-Рыбачье”, “Фрунзе-Рыбачье”, “Кант-Токмок” темир жолдорунун курулуш иштери колго алынып, курула баштаган.

                    

 

Бардык жаңылыктар