Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунда таштарды күч менен кулатуу иштери уланат.

5 Июня 2017

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2017-жылдын 5-июнунан тартып, 9-июньга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 122-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2017-жылдын 5-июнунан тартып, 9-июньга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин патрулдук милиция кызматы тарабынан саат: 9-00 дөн 15-00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.

Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.
 

Бардык жаңылыктар