Темир жолчулардын клубунда балдар майрамы өткөрүлдү

1 Июня 2017

Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чара жалаң гана темир жолчулар клубунун жаш таланттарынын күчү менен даярдалган.

Алгач, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын профсоюз уюмунун төрагасы Роберт Мазитов балдарды куттуктап, алар үчүн профсоюз уюму жана администрация тарабынан такай көңүл бурулуп келгендигине токтолду.

Клубда бир жумадан бери маданий иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бүгүнкү иш-чара балдардын каникул алдындагы эң эсте кала турган маданий иш-чарасы. Анткени, жаш таланттардын концерттик программасы, ар кандай оюн-зооктор жана конкурстар жаш наристелерге гана арналат. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

Бул үчүн профсоюз уюму тарабынан 20 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ошондой эле 50 миң сомго атайын концерттик кийимдер тигилген. Ал эми клубда толугу менен капиталдык ремонт жасалып, учурда 230 бала ар кандай ийримдерде сабак алышат. Бий, комуз, фортепиано, гитара, жана вокал кластары бар. Ошондой эле мектепке чейинки даярдоо кластары иштейт.

Белгилей кетүүчү нерсе: Кыргызстандагы ведомстволук ишканалардын ичинен бардык талаптарга жооп берген жападан-жалгыз клуб - бул темир жолчулар клубу болуп эсептелет.

            

            

Бардык жаңылыктар