Жайкы туристтик сезондогу поезд каттамынын расписаниеси өзгөрдү

30 Мая 2017

Жайкы туристтик сезондо каттоочу “Бишкек-Рыбачье”, “Рыбачье-Бишкек” поезд каттамы 2017-жылдын 16-июнунан 30-июльга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 31-июльдан тартып, 31-августка чейин күн сайын каттайт.

№ 608 “Бишкек I-Рыбачье” каттамы 06 саат 25 минутада “Бишкек I” (Пишпек) станциясынан жөнөп, 11 саат 20 минутада Рыбачьеге барат.

№ 609 “Рыбачье-Бишкек I” поезди 17 саат 08 минутада жөнөп, 21 саат 58 минутада “Бишкек I” (Пишпек) станциясына келет.

Билет баалары:
Чоңдор үчүн: 69 сом
Балдар үчүн: 34 сом (5 жаштан 10 жашка чейин)
 

Бардык жаңылыктар