"Кыргыз темир жолу" Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев темир жолчуларга жогорку сыйлыктарды тапшырды

24 Мая 2017

Шериктештикке кирген мамлекеттердин Кеңеши Кыргыз темир жолчуларын Ардак грамота менен сыйлады.

“Кыргыз темир жолу “Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын бир катар кызматкерлери шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин жогорку сыйлыгына татыктуу болушту.

Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин чечими менен “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Алимжан Хасановго, көпүрө куруучулар отрядынын башчысы Василий Дашковго, жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Светлана Наумовага жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн адиси Ирина Зоткинага шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин Ардак грамотасы тапшырылды.
 
Жогоруда аты аталган темир жолчуларга мындай жогорку сыйлык алардын темир жол транспортундагы өз ара кызматтыштыкты бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн берилип олтурат.

Эске салсак, шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин 66-жыйыны Россия Федерациясынын Москва шаарында болуп өттү.

   

   

Бардык жаңылыктар