«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Алмазбек Ногойбаевге «Россия темир жолунун» «Ардактуу темир жолчусу» наамы ыйгарылды.

18 Мая 2017

Темир жолдогу ташууларды жүзөгө ашырууда кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн жана темир жол транспортундагы эл аралык каттамдарда эффективдүү иш ыргагын камсыз кылгандыгы үчүн Ногойбаев Алмазбек Бердибекович «Россия темир жолунун» «Ардактуу темир жолчусу» жогорку наамы менен сыйланат.

Аталган сыйлыкты бүгүн “Россия темир жолу” Ачык акционердик коомунун президенти, темир жол транспорту боюнча Кеңешинин Төрагасы Белозёров Олег Валентинович тапшырды.

Эске салсак, 2017-жылдын 18-19-майында Моксква шаарында Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин 66-отуруму өтүп жатат. Ошондой эле Кеңештин 25 жылдыгы белгиленүүдө.

Бардык жаңылыктар