«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасында шаар аралык поезд каттамы иштей баштады.

24 Апреля 2017

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы 2017-жылдын 24-апрелинен тартып, шаар аралык жаңы поезд каттамын жүргүзө баштады. Бул “Бишкек-Кара-Балта” жана “Кара-Балта-Бишкек” поезд каттамы.

“Бишкек-Кара-Балта” жана “Кара-Балта-Бишкек” поезд каттамы күн сайын суткасына 2 жолу каттайт.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын башчысы Алмазбек Ногойбаев журналисттерге билдиргендей “Кыргыз темир жолу” Кыргыз өкмөтүнүн тапшырмасын аткарды.

Эске салсак, буга чейин КРнын Премьер-министри Жээнбеков С.Ш. “Бишкек-Кара-Балта” автомобиль жолун реабилитациялоо иштерине байланыштуу “Бишкек-Кара-Балта” поездин ачуу тапшырмасын берген.

Таңкы каттам №60-59 “Бишкек I -Кара-Балта” поезди жергиликтүү убакыт боюнча 08 саат 30 минутада “Бишкек I” (Пишпек) станциясынан жөнөйт жана 09 саат 56 минутада Кара-Балта станциясына келет.

Экинчи каттам №60-61 “Бишкек I - Кара-Балта” поезди жергиликтүү убакыт боюнча 12 саат 41 минутада “Бишкек I” (Пишпек) станциясынан жөнөйт жана 14 саат 07 минутада Кара-Балта станциясына жетет.

№60-60 “Кара-Балта - Бишкек I” таңкы поезди Кара-Балта станциясынан жергиликтүү убакыт боюнча 10 саат 30 минутада жөнөп, 11 саат 59 минутада “Бишкек I” (Пишпек) станциясына келет.

Экинчи каттам №60-62 “Кара-Балта - Бишкек I” поезди Кара-Балта станциясынан жергиликтүү убакыт боюнча 14 саат 45 минутада жөнөйт жана 16 саат 18 минутада “Бишкек I” (Пишпек) станциясында болот.

Билет баалары:
Чоңдор үчүн: 26 сом
Балдар үчүн: 09 сом   (5 жаштан 10 жашка чейин)

Мындан тышкары күн сайын Бишкек-Мерке, Мерке-Бишкек поезд каттамы бар.

    

   

Бардык жаңылыктар