Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунда таштарды күч менен кулатуу иштери уланат.

24 Апреля 2017

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2017-жылдын 24-апрелинен тартып, 28-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 122-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

 Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2017-жылдын 24-апрелинен тартып, 28-апрелге чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин патрулдук милиция кызматы тарабынан саат: 9-00 дөн 15-00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.


 Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

 

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.

Бардык жаңылыктар