«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы шаар аралык поезд каттамын ачты.

21 Апреля 2017

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы 2017-жылдын 24-апрелинен тартып, шаар аралык жаңы поезд каттамын жүргүзөт. Бул “Бишкек-Кара-Балта” жана “Кара-Балта-Бишкек” поезд каттамы.

“Бишкек-Кара-Балта” жана “Кара-Балта-Бишкек” поезд каттамы күн сайын суткасына 2 жолу каттайт.

 Таңкы каттам №60/59 “Бишкек I -Кара-Балта” поезди жергиликтүү убакыт боюнча 08 саат 30 минутада “Бишкек I” (Пишпек) станциясынан жөнөйт жана 09 саат 56 минутада Кара-Балта станциясына келет.

 Экинчи каттам №60/61 “Бишкек I - Кара-Балта” поезди жергиликтүү убакыт боюнча 12 саат 41 минутада “Бишкек I” (Пишпек) станциясынан жөнөйт жана 14 саат 07 минутада Кара-Балта станциясына жетет.

 №60/60 “Кара-Балта - Бишкек I” таңкы поезди Кара-Балта станциясынан жергиликтүү убакыт боюнча 10 саат 30 минутада жөнөп, 11 саат 59 минутада “Бишкек I” (Пишпек) станциясына келет.

 Экинчи каттам №60/62 “Кара-Балта - Бишкек I” поезди Кара-Балта станциясынан жергиликтүү убакыт боюнча 14 саат 45 минутада жөнөйт жана 16 саат 18 минутада “Бишкек I” (Пишпек) станциясында болот.

Билет баалары:
Чоңдор үчүн: 26 сом
Балдар үчүн: 09 сом   (5 жаштан 10 жашка чейин)

Мындан тышкары күн сайын Бишкек-Мерке, Мерке-Бишкек поезд каттамы бар.

Бардык жаңылыктар