«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:

18 Апреля 2017

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2017-жылдын 18-апрелинен тартып, 20-апрелине чейин Бишкек I - Бишкек II темир жол каттамынын 3778 чакырымындагы темир жол өткөрмөсүндө ремонт иштери жүргүзүлөт.

Бул Бишкек шаарынын Асаналиева (мурдакы Некрасова) жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилиши.

2017-жылдын 18-апрелинен тартып, 20-апрелине чейин саат: 22-00 дөн саат: 05-00 гө чейин аталган аймакты Ички иштер министрлигинин патрулдук милициясы көзөмөлдөп турат.

Андыктан, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү аталган участокто сак болуусун суранабыз.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.

 

Бардык жаңылыктар