“Кыргыз темир жолу” ишканасы жол чарбасындагы техникаларды модернизациялоо, жана жаңылоону ишке ашырууда

4 Апреля 2017

2017-жылдын 4-апрелинде “Кыргыз темир жолу” ишканасында КРнын Транспорт жана жол министри К.Ж. Жамшитовдун жана ишкана жетекчиси А.Б. Ногойбаевдин катышуусунда 15 жаңы техника салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Алар: 10 трактор, 3 жүк жүктөөчү техника жана 2 эксковатор. Бул техникалар темир жолду модернизациялоо иш-чарасынын алкагында ишкананын өздүк каражатына сатылып алынган.

 Кыргыз темир жолунун Жол чарбасы филиалы темир жолдоогу коопсуздукту камсыз кылуучу негизги ишкана болуп эсептелет. Жаңы техникалардын сатылып алынышы – бул жол чарбасындагы инфраструктураларды жакшыртуу,  моедрнизациялоо, жаңылоо багытындагы негизги приоритеттер.

 Темир жолуна 5 муундагы 6 жаңы тепловоздор сатылып алынгандан кийинки мындай аракеттер, Кыргызстандагы негизги стратегиялык объектини өнүктүрүү багытындагы иштердин экинчи этабы деп айтууга болот.

 Ал эми кийинки этапта Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан берилүүчү кредитке жүк ташуучу вагондорду сатып алуу менен, Кыргызстандын жүк ташуучуларынын талабын орундатуу маселеси турат.

    

   

Бардык жаңылыктар