Кыргыз темир жолунда поезд каттамы толугу менен калыбына келтирилди

1 Февраля 2017

Эске салсак, 2017 жылдын 31 январында 9 саат 14 минутада Казак Республикасындагы Мерке станциясынын аймагында 6 жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кеткен. Бул жүк ташуучу поезд «Луговое» - «Бишкек I» багыты боюнча келе жаткан.

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги дароо комиссия түзүп, окуя болгон жерге жиберген. Окуянын келип чыгуу себептери комиссиянын териштирүүсүнөн кийин белгилүү болот.

Жабыр тарткандар жок.
 

Бардык жаңылыктар