“Локомотив” курама командасы III орунга татыктуу болду

30 Января 2017

Нарын шаарында өткөн хоккей боюнча эл аралык мелдеште “Кыргыз темир жолу” ишканасынын “Локомотив” курама командасы III байгелүү орунду багындырды.

 Эске салсак, Нарындагы жабык муз аянттын ачылышына карата хоккей боюнча эл аралык мелдеш өтүп, ага Казахстандан жана Нарын шаарынан курама командалар катышкан. Мелдеш эки күнгө созулду жана ага 40 жаштан жогору курактагы оюнчулар тандалып алынган.

Мелдештин жеңүүчүсү “Локомотив” командасына “Ташболот Ата” кубогу тапшырылды.

 

 

 

   
 

Бардык жаңылыктар