“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы авиакырсыктан жапа чеккендер үчүн 3 миллион сом материалдык жардам көрсөттү.

18 Января 2017

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын бүгүнкү жыйыны “Манас” Эл аралык аба майданынын жанындагы аймакта катталган учак кырсыгынын курмандыктарын ордуларынан туруп эскерүү менен башталды.

 Авиакырсыктан жапа чеккендер үчүн жардам көргөзүү маселеси каралып, анда турак-жайсыз калып, колдоого муктаж болгондор үчүн темир жолчулардын бир күндүк эмгек акысын которуп берүү чечимин кабыл алышты.

 Кыргызстандын темир жолчуларынын бир күндүк эмгек акысы 3 млн. сомду түзөт. Мындай чечимге темир жолчулар бир добуштан макул болушуп, Чүй облусунун Сокулук районундагы «Дача СУ» айылында «Боинг-747» учагынан жапа чеккендердин атайын эсебине аталган акча каражаты которулуп берилди.

Ошондой эле “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги жана беш миңден ашык эмгек жамааты каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
 

Бардык жаңылыктар