"Кыргыз темир жолу" ишканасынын тегерегиндеги ызы-чуунун артында атайын топ жана алар менен кошо Жогорку Кенештин айрым депутаттары турушат.

15 Января 2017

Бул туурасында "Кыргыз темир жолунун" жумушчулар профсоюз уюмунун Торагасы жана Бишкек шаардык кенешинин депутаты Эрнис Докенов "Кабар" агентствосунда маалымат жыйында билдирди.

 "Темир жолдун акыркы мулкторун алганы аз келгенсип, эми ишкананын башчылыгына оз кишилерин койгону жатышат. Эксперт Азамат Такырбашев менен Марат Мусуралиевди бул жерде пайдаланып жатышат жана мунун артында кимдер тургандыгын биз жакшы билебиз" - дейт ал.

 Эрнис Докенов алардын аттарын атаган жок, бирок бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде Жогорку Кенештин депутаттарынын тизмеси жазылган кат КРнын Президентинин атына даярдалгандыгын кошумчалады. "Ошол депутаттар бул шектуу адамдарга темир жол коррупцияланган деп куноолош учун Жогорку Кенештин трибунасын уюштуруп беришкен. Темир жол банкротко кептелгенде алар кайда эле?" деген оюн айтат.

 "Келээрки жумада "Кыргыз темир жолу" ишканасы дагы бир маалымат жыйын откорот. Ошондо ушул кызыкдар адамдардын аттары аталат" дейт ал.

"Азамат Такырбашев темир жолдун башчысы болом деп кыялданбай эле койсун, аны ал жерге эч ким дайындабайт жана аны жон гана пайдаланышат" - деп кошумчалады "Кыргыз темир жолунун" жумушчулар профсоюз уюмунун Торагасы, Бишкек шаардык кенешинин депутаты Эрнис Докенов "Кабар" маалымат агенттигинде болгон маалымат жыйында.

 

   

Бардык жаңылыктар