Бишкекте “Локомотив” муз аянты өзүнүн кышкы сезонун ачты

1 Декабря 2016

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасына караштуу “Локомотив” муз аянты бүгүн расмий түрдө быйылкы сезонун ачты.

 Ачылыш аземинин урматына “SOS Балдар айылы”, Военно-Антоновкадагы балдар үйү жана “Жаңы башат” коомдук фондусунун колдоого муктаж балдары акысыз муз тебишти. Жалпысынан 120 балага кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү. Алар үчүн маданий прграмма, муз үстүндө бийлөө жана хоккей командасынын атайын прграммасы тартууланды.

 Эскерте кетсек “Локомотив” муз аянтында жыл бою массалык муз тебүүгө, театралдык он-зоокторду өткөрүүгө, хоккей менен машыгууга, жана турнирлерди өткөрүүгө бардык шарттары бар. Муз аянтынын көлөмү: 1122 кв.м. Бир мезгилде 150 адам муз тебе алат. Орундуктар 850 көрүүчүгө ылайыкташтырылган.

 Спорт комплексинин негизги максаты: темир жолчуларга жана Бишкек шаарынын тургундарына сергек жашоо мүнөзүн тартуулоо жана алардын эс алуусун уюштуруу болуп эсептелет.

    

   

Бардык жаңылыктар