Биринчи радионун түз эфиринде Ленин районунун акими Нурдин Тынаев жеке менчик базарларды колдоп, мамлекеттик болгон “Дыйкан” базары жабылат деп билдирди

19 Октября 2016

“Дыйкан” базары жабылып, андагыларды жеке менчик болгон “Сары-өзөн” жана “Дордой-Моторс” базарларына көчүрөбүз деген билдирүү жасады Ленин районунун акими Нурдин Тынаев өз сөзүндө.

 “Дыйкан” базарынын администрациясынын айтымында Биринчи радионун түз эфиринде сүйлөгөн аким базарда иштеп жаткан 700 адамдын тагдырын эске алган жок. Алардын ар биринин соода-сатык үчүн алган кредиттери бар. Ошондой эле соода-сатык иштери жолго койулуп, “Дыйкан” базарында ар биринин кардарлары бар. Андыктан, сатуучулар акимдин мындай билдирүүсүнө нааразы.


 Аталган соода борбору 2013-жылы конкурстун негизинде “Лагуна Групп” жоопкерчилиги чектелген коомуна 20 жылга ижарага берилген. 3 жылдан бери иштеп тапкан кирешеси өсүп, мамлекеттин бюджетине чоң салым кошуп келе жатат. Учурда мамлекеттик базар болуп эсептелет. Ижарага алган жылдан тартып, бүгүнкү күнгө чейин тапкан кирешеси 34 миллион, 152 миң 631 сомду түзөт. Анын ичинен бюджеттин эсебине салык түрүндө 3 миллион 600 миң сом, ал эми сатыктан түшкөн салык катарында 552 миң 631 сом төлөп берди. Ижара акысы катарында мамлекеттин бюджетине төлөнгөн акча каражаты 3 жыл ичинде 9 миллион сомго жетти. Жалпысынан мамлекеттик бюджетке 13 миллион 152 миң 631 сом төлөнүп берилди.

 Албетте, бул деген мамлекеттик бюджетке кошкон чоң салым болуп эсептелет. Эгерде соода борбору жабылып калса мамлекеттин эсебине жогорудагы акча каражаты түшпөй калат.

 Эскерте кетсек, Кыргызстандагы дыйканчылык областтарда өстүрүлгөн мөмө-жемиш, жашылчалар арзан баада дүңүнөн дал ушул базар аркылуу гана сатылат. Ошондой эле шаардыктар арзан баада айыл чарба продукциялары менен камсыз болушууда.             

Бардык жаңылыктар