“Дыйкан” базары соңку 3 жылда мамлекеттик бюджетке 9 миллион сом төлөп берди

18 Октября 2016

Аталган соода борбору 2013-жылы конкурстун негизинде “Лагуна Групп” жоопкерчилиги чектелген коомуна 20 жылга ижарага берилген. 3 жылдан бери иштеп тапкан кирешеси өсүп, мамлекеттин бюджетине чоң салым кошуп келе жатат. Учурда мамлекеттик базар болуп эсептелет.

 Ижарага алган жылдан тартып, бүгүнкү күнгө чейин тапкан кирешеси 34 миллион. 152 миң 631 сомду түзөт. Анын ичинен бюджеттин эсебине салык түрүндө 3 миллион 600 миң сом, ал эми сатыктан түшкөн салык катарында 552 миң 631 сом төлөп берди.

Ижара акысы катарында мамлекеттин бюджетине төлөнгөн акча каражаты 3 жыл ичинде 9 миллион сомго жетти.

 Албетте бул деген мамлекеттик бюджетке кошкон чоң салым болуп эсептелет. Эгерде соода борбору жабылып калса мамлекеттин эсебине жогорудагы акча каражаты түшпөй калат.

 Мындан тышкары азыр базарда 700 адам жумуш менен камсыз болуп, үй-бүлөөлөрүн багып жатышат. Ошондой эле шаардыктар арзан баада айыл чарба продукциялары менен камсыз болушууда.

 Эскерте кетсек, Кыргызстандагы дыйканчылык областтарда өстүрүлгөн мөмө-жемиш, жашылчалар арзан баада дүңүнөн дал ушул базар аркылуу гана сатылат.
 

Бардык жаңылыктар