«Дыйкан» базары мурдакыдай эле иштеп жатат

17 Октября 2016

“Дыйкан” базары 2008-жылы Бишкек мэриясынын сунушу менен Кыргыз өкмөтүнүн жана Бишкек мэриясынын токтомдорунун негизинде ачылган.

Учурда 700 дөн ашык адам эмгектенет жана мамлекеттик соода борбору болуп эсептелет. Базардын долбоору мамлекеттик өрткө каршы кызматтары менен макулдашылып бекитилген.

 Эң башкы максаты: шаардыктарды дыйкандар өстүргөн айыл чарба продукциялары менен арзан баада камсыз кылуу, дыйкандардын соода-сатык иштерине шарт түзүү, дүң сооданы уюштуруу жана калктын аз камсыз болгон катмарын тамак-аш менен камсыз кылуу. Ушул максатта соода борбору 2013-жылга чейин иштеп келди.

 Соода борборунун ашыкча чыгымдарын кыскартуу жана оптималдаштыруу максатында Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун сунушу менен 2013-жылы базарды ижарага берүү чечими кабыл алынган.

 Ушул максатта “Кыргыз темир жолу” ишканасы тарабынан конкурс өткөрүлүп, “Лагуна групп” жоопкерчилиги чектелген коомуна 20 жылга ижарага берилген.

 КРнын Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын негизинде учурда кирешенин 30 % мамлекетке, тиешелүү 14 %  салык түрүндө, ал эми 56 % ишкана тарабынан сарпталган чыгымдардын эсебине которулуп берилүүдө.

 Ал эми 2008-жылдан бери “Кыргыз темир жолу” кирешенин 20% каражатын төлөбөй келет деген Бишкек мэриясы тараткан маалыматы чындыкка дал келбейт. Анткени, эки тараптуу макулдашууга ылайык, кирешенин 20% акча каражаты “Кыргыз темир жолу” тарабынан сарпталган каражат кайтырылып алынгандан кийин гана мэрияга төлөнүп берилет.

 Экологиялык жана санитардык абалды жөнгө салуу боюнча берилген Мамлекеттик экотехинспекциясынын Актысы боюнча төмөндөгүлөрдү билдиребиз:

 Бүгүнкү күндө аталган кызмат тарабынан берилген эскертүүлөр толугу менен четтетилген. Таштандылар күн сайын 5-6 жолу ташылып чыгарылып турат. Соода точкалары тазаланып, иреетке келтирилген жана бул боюнча тийиштүү кызматтар менен иш алып барылууда.  

 Жогоруда айтылгандай “Дыйкан” базары мамлекеттик болуп эсептелет. Ал эми “Дордой моторс” жана “Сары-өзөн” базарлары жеке менчик базарлар. Демек, Бишкек мэриясы мамлекеттик эмес жеке менчик базарын колдоп жаткандыгы биз үчүн албетте түшүнүксүз. 
 

Бардык жаңылыктар