Вагондорду кабыл алуу боюнча “Кыргыз темир жолу» ишканасынын түштүк бөлүмү жана Озбек темир жолунун ортосундагы бардык маселелер чечилди

3 Октября 2016

Учурда Озбекстан менен чектешкен аймактардагы вагондорду кабыл алуу маселеси толук чечилди. Вагондорду өткөрбөй койуу боюнча маселе турган жок.

Ал эми буга чейин чек ара аймагындагы станцияларда турган вагондор белгиленген станцияларга чейин жеткирилип берилди.

 Эске салсак, 2016-жылдын 22-сентябрында Озбекстан темир жолдорунун станцияларында 250 жүк ташуучу вагондор туруп калган. Алар күйүүчү май, битум жана буудай жүктөлгөн вагондор. “Кыргыз темир жолунун” түштүк бөлүмү жана өзбекстан темир жолунун ортосунда чек ара аймактарындагы вагондорду алмашуу иштер токтоп калган болучу.

 Маселени чечүү максатында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча борбордук кеңешине жана Озбек темир жолуна расмий кат менен кайрылган. Жыйынтыгында 2016-жылдын 22-сентябрында аталган аймакта вагондорду алмашуу иштери калыбына келтирилди жана “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынынын түштүк бөлүмү бардык 250 вагонду кабыл алды. Учурда Озбекстан тараптан график боюнча болгону 4 вагон жүгү менен келе жатат. Эч кандай маселе жок.

 Андыктан, жүк ташуучулар үчүн эч кандай кооптонуу жок экендигин маалымдайбыз. Бардык маселелер боюнча “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмүнө кайрылса болот.

Бардык вагондор график боюнча кабыл алынууда жана жүк жүктөө үчүн да вагондор берилүүдө.

Бардык жаңылыктар