Кыргызстандын темир жолчулары Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү талкуулайт

19 Сентября 2016

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулого киришти.

Ишканада өткөн бүгүнкү жыйында Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр ортого салынды.

 Бул багытта ишкана жектечиси Алмазбек Ногойбаев сөз сүйлөп, жалпы Кыргыз эли үчүн маанилүү болгон мыйзам долбоору боюнча сунуш-пикирлерди билдирүүнү суранды жана жалпы жамааттын ичинде кеңири талкууну уюштуруу жагын суранды.

 Ал эми “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкармалыгы бүгүнкү жыйында киргизилген өзгөртүүлөр менен таанышып чыгып, жаңы мыйзам долбоорун бир добуштан колдоого алышты. Бул багытта кандайдыр бир олуттуу сунуш-пикирлер болгон жок.

 Эскерте кетсек “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында учурда беш миңден ашык темир жолчулар эмгектенет. Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр бүгүнтөн баштап ар бир кызматкерге тааныштырылып, алардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен тийиштүү чечим кабыл алынат.

Бардык жаңылыктар