«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:

2 Сентября 2016

6-сентябрьдан 9-сентябрьга чейин Чолпон-Ата шаарында “Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жолунун тарифтик келишимине” мүчө өлкөлөрүнүн Темир жол администрацияларынын эксперттеринин жумушчу кеңешмеси өткөрүлөт.

 Анда 2017-жылга карата эл аралык каттамдарда жүктөрдү ташуу боюнча “Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жолунун тариф саясаты” боюнча долбооруна сунуштар талкууланат.

 Кеңешменин ишине Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жолдорунун, ошондой эле Латвия жана Грузиянын темир жолдорунун өкүлдөрү катышат.

 Эске салсак, “Тарифтик келишимге” ылайык, темир жолдо тариф саясаты жыл сайын кабыл алынып турат. Ошондой эле баардык темир жол администрациялары үчүн бирдей жана аткарууга милдеттүү.

Бардык жаңылыктар