Кыргызстандын темир жолчулары кесиптик майрамын майрамдап жатышат.

5 Августа 2016

Темир жолчулардын кесиптик майрамына карата салтанаттуу жыйын болду.

 2016-жылдын 5 август күнү Пишпек кичи районундагы темир жолчулардын клубунда салтанаттуу жыйын болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров катышып, темир жолчуларды куттуктады. Ошондой эле министрликтин Ардак грамоталарын тапшырды.

 Ал эми темир жол тармагындагы эң башкы сыйлык болгон “Ардактуу темир жолчу” наамына жол чарбасы филалынын башчысы Сапар Садыралиев татыктуу болду.

 Мындан тышкары “Кыргыз темир жолунун эмгек сиңирген ардагери” жана “Ардак грамотасы” менен бир катар темир жолчулар сыйланышты.

                

 Ал эми 7-август жекшемби күнү Пишпек эс алуу багында өтүүчү салтанаттуу жыйынга атайын коноктор жана темир жолчулар чакырылган. “Локомотив” спорт комплексинде футбол боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышат.

 Эске салсак, 1924-жылдын 8-августунда  “Аулие-Ата-Пишпек” темир жолу аркылуу “Пишпек” станциясына эң биринчи поезд келет. Ал кезде Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын өкмөтү жаңыдан түзүлүп жаткан. Чоң салтанат менен биринчи поездди тосуп алышкан. Ошол күндөн тартып, “Кант-Рыбачье”, “Фрунзе-Рыбачье”, “Кант-Токмок” темир жолдорунун курулуш иштери колго алынып, курула баштаган.
 

Бардык жаңылыктар