Август айынын алгачкы жекшембиси – Кыргызстандын темир жолчуларынын күнү

5 Августа 2016

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Алмазбек Ногойбаевдин темир жолчулар күнүнө карата к у т т у к т о о с у

Урматтуу темир жолчулар! Урматтуу Кыргыз темир жолунун ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргызстандын темир жолчуларынын күнү менен куттуктаймын.

 Жалпыга маалым болгондой Кыргыз темир жолу – бул тарыхыбыздын бир бөлүгү. Ал биздин аталарыбыз, энелерибиз жаратып кеткен тарых. Жалпы эле Ата мекенибиз үчүн эмгектенип, кыйын кырдалда аны көтөрүүгө салым кошкондордун тарыхы.

 Бүгүн темир жолду өнүктүрүү, кайра куруу учуру келип турат. Ошондуктан, биздин ишкана темир жолду өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки Программасын кабыл алды жана анда төмөнкү багыттар баса белгиленген:
- өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;
- жол чарбасын жана паркты модернизациялоо;
- темир жол секторун электрификациялоо;

 Темир жолду модернизациялоонун алкагында 2010-жылдан бери 144 чакырымдан ашык темир жолго жаңы темир бетон шпалдары төшөлдү. Ушул жылдын 6 айында 6,8 чакырым темир жолу капиталдык ремонттон өттү. Локомотив паркы жаңыланды. Экономикалык кризиске карабастан үстүбүздөгү жылдын 5 айында темир жолу аркылуу 2 млн. 274 тыс. 941 тонна жүк ташылды. Биздин ишкана өлкөдөгү эң ири салык төлөөчү ишканалардын катарында.

 Ишканабыздын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары көргөзгөндөй учурда келечекке ишенимдүү багыт алууга негиз бар. Кыйынчылыктарга карабастан негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөрүбүз жогору. Андыктан, Кыргызстандын темир жолчулары өз милдеттерин татыктуу жүзөгө ашырат деп ишенемин. Алдыда арбын иштер турат. Эң башкысы өз күчүбүзгө ишенип, талыкпай эмгектенүүбүз зарыл.

Урматтуу темир жолчулар!
Сиздерди чын жүрөгүмдөн Кыргызстандын темир жолчуларынын күнү менен куттуктаймын. Бекем ден-соолук, бакыт жана иштериңиздерде албан ийгиликтерди каалаймын.

урматтоо менен,

Алмазбек Ногойбаев
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору

Бардык жаңылыктар