Август айынын алгачкы жекшембиси – Кыргызстандын темир жолчуларынын күнү!

3 Августа 2016

3-августтан баштап “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында майрамдык иш-чаралар башталды.

 Ишкана башчысынын 1-орун басары Руслан Бектемиров бүгүн темир жол обьектилерин жана ташылуучу жүктөрдү аскердик кайтарууга алууну камсыз кылуу боюнча филиалы жана электроэнергия, сигнализация жана байланышты камсыз кылуу боюнча филиалынын кызматкерлерин куттуктады. Аларга ишкананын жогорку сыйлыктарын тапшырды.

 

 

            

            

 Эске салсак, 5-август күнү Пишпектеги “Темир жолчулар клубунда” салтанаттуу жыйын болуп, расмий сыйлыктар тапшырылат. Ага Кыргыз өкмөтүнөн, КРнын жолдор министрлигинен расмий өкүлдөр катышат.

 Быйыл эмгеги сиңген темир жолчуларга “Кыргыз темир жолунун Ардак грамотасы”, “Кыргыз темир жолунун эмгек сиңирген ардагери”, “Кыргыз темир жолундагы кынтыксыз эмгеги үчүн” I баскычтагы төш белгиси, жана “Кыргыз темир жолундагы эң мыкты жаш кызматкер” наамдары ыйгарылат.

 7-август күнү “Пишпек эс алуу багында” майрамдык маданий иш-чаралар ал эми “Локомотив” спорт комплексинде спорттук мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Расмий жыйындын башталышы: 5-август, саат: 10-00
(Темир жолчулар клубу - Пишпек шаарчасы)
Маданий иш-чара жана спорттук мелдештер 7-август, саат: 9-00
(Пишпек эс алуу багы, “Локомотив” спорт комплекси)
Дареги:  Лев Толстой көчөсү, Пишпек шаарчасы
тел. 92-73-31, 0553 253 263 - Басма сөз кызматы

Бардык жаңылыктар