Соңку жылдарда ишканабыз заман талабына жараша темир жолду модернизациялоо иштерин жүргүзүп келет.

30 Июня 2016

2015-жылы Жол чарбасы филиалы тарабынан темир жолго 72 915 даана шпалдар жайгаштырылган болсо, анын 47 652 даанасы жаңы темир бетон шпалдары.

  Жалпысынан 2015-жылы 27,9 чакырымдан ашык темир жолу ремонттолду. Ремонт иштери негизинен жай мезгилинде гана жүргүзүлөт. Ошондой эле темир жолдогу техникаларды жаңыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү багытында да иштер жүрдү.

 Быйыл июнь айынан тартып, Кыргызстандын темир жолдорунда ремонт иштери башталган. Аны «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын «Жол чарбасы боюнча филиалы» жүргүзүүдө. Ремонт иштеринин жүрүшүндө эскирген жыгач шпалдары толугу менен жаңы темир бетон шпалдарына алмаштырылат. Ал эми бурагычтары Германиянын “Фосло” компаниясынын жабдуулары.

 Эске салсак, мындай ремонт иштери 2011-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Маселен, 2011-жылы 37 000, ал эми 2012-жылы 40 000 темир бетон шпалдары “Фосло” компаниясынын (Германия) бурагычтары менен темир жолго орнотулган. Бул “Бишкек-1” − “Карабалта” жана “Бишкек-2” − “Аламедин” участкалары.
 

 Мындан тышкары 12000 даана эскилиги жеткен жыгач шпалдары жана 2000 даана эскирген темир бетон шпалдары алынып салынды. Ушундай эле ремонт иштери Түштүк бөлүмүндө да жүргүзүлүүдө.

 Бүгүнкү күндө быйылкы жылга белгиленген темир жолдогу ремонт иштери Мерке, Чалдовар станциялары жана Боом капчыгайында жүрүп жатат. 2016-жылы темир жолго жалпысынан 20 000 даана темир бетон шпалдары төшөлүп чыгат. Учурда аталган участокто 120 адам иштеп, алар үчүн ишкана тарабынан бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн. Ремонт иштери суук түшкөнчө улана берет.

            

             

            

Бардык жаңылыктар