2016 –жылдын 17-18-июнь күндөрү «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы журналисттер үчүн пресс-тур уюштурат.

16 Июня 2016

Пресс-турдун багыты: Бишкек-Рыбачье-Бишкек

Ал эми пресс-турдун башкы максаты: жайкы эс алуу сезонуна карата Бишкек-Рыбачье-Бишкек каттамы менен журналисттерди тааныштыруу жана эс алуучуларга жана туристтерге маалымат берүү болуп эсептелет.

Эске салсак, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы эс алуучулар үчүн жыл сайын жайкы эс алууну уюштурат.
Июль, август айларында аталган багыт боюнча кошумча вагондор чиркелет жана аны менен эс алуучулар Боом капчыгайы аркылуу Рыбачьеге чейин барышса болот. Вагондордо узатуучулар иштеп, эс алуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Плацкарт вагону менен барып келүү акысы төмөндөгүчө:
“Бишкек I” станциясынан Рыбачьеге чейин чоңдор үчүн:  69 сом
Балдарга: (10 жашка чейин)   35 сом
Байланыш телефондору:  92-68-54, 30-02-09, 92-68-40

 

Бардык жаңылыктар