2016-жылдын 17-июнунан тартып, “Бишкек-Рыбачье” каттамы боюнча №608 поезд жүрө баштайт.

14 Июня 2016

Жайкы эс алуу сезонуна карата “Бишкек-Рыбачье-Бишкек” поезди “Бишкек I” станциясынан (Пишпек) жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Жөнөө убактысы жергиликтүү убакыт боюнча 6 саат 25 минутада.

Ал эми 18-июльдан тартып, 31-августка чейин күн сайын аталган багыт боюнча поезд каттай баштайт.

Эске салсак, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы эс алуучулар үчүн жыл сайын жайкы эс алууну уюштурат.

Июль, август айларында аталган багыт боюнча кошумча вагондор чиркелет жана аны менен эс алуучулар Боом капчыгайы аркылуу Рыбачьеге чейин барышса болот. Вагондордо узатуучулар иштеп, эс алуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Плацкарт вагону менен барып келүү акысы төмөндөгүчө:
“Бишкек I” станциясынан Рыбачьеге чейин чоңдор үчүн:  69 сом
Балдарга: (10 жашка чейин)   35 сом

Байланыш телефондору:  92-68-54, 30-02-09, 92-68-40
 

Бардык жаңылыктар